Маалыматтык билдирүү 

 

Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана накталай АКШ долларынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары агылып чыгышынын терс таасирин минималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) 2022-жылдын 18-апрелинде Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы акча которуу системалары боюнча акча которуулардын эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөрдү киргизди. Белгилей кетсек, эсеп ачпастан акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жеке адамдар гана жүргүзө алышат. 

Өзгөртүүлөрдү киргизүү акыркы мезгилде Россия Федерациясынан жана Казакстан Республикасынан АКШ долларында келип түшкөн акча которуулардын көлөмү кескин көбөйүп, кардарлар которуу валютасында, б.а. которууну нак АКШ доллары менен берүүнү суранып жаткандыгы менен шартталган. 

Эми Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну алуучуга берүү, жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сом улуттук валютасында гана болушу мүмкүн. 

Мисалы, эгерде Россия Федерациясынан акча которулган болсо, ал алуучуга орус рублинде гана берилиши керек, эгерде Казакстан Республикасынан болсо - казак теңгесинде гана, ал эми башка өлкөдөн болсо - анда коммерциялык банктын алмашуу курсу боюнча улуттук валютада берилет. Эгерде которулган валюта Кыргыз Республикасынын аймагында кеңири колдонулбаган болсо, банк Улуттук банктын эсептик курсун колдоно алат. Бул учурда кардарга валюта курсу тууралуу алдын ала маалымат берилиши керек. Акча которууну конвертациялоонун эрежелери өзгөрүүсүз калтырылды. Коммерциялык банк алуучунун макулдугу менен акча которууну улуттук валютадагы сомго гана конвертациялай алат. 

Кардар Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкына акча которууну анын банктык эсебине же электрондук капчыгына чегерүү боюнча буйрутма бере алат. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы ички жол-жоболорго ылайык эсепти өз курсу боюнча валютага конвертациялайт же аны кардардын улуттук валютадагы электрондук капчыгына которот. Буга кошумча, эсеп валютасына алмашуу курсу жөнүндө кардар алдын ала кабардар болушу керек. 

Эгерде жөнөтүүчү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылган долларлык эсебине Россия Федерациясынан рубль менен акча которууну жүргүзсө, анда Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы ички жол-жоболорго ылайык, өзүнүн курсу боюнча акчаны АКШ долларына которот.  

Бул өзгөртүүлөр убактылуу болуп саналат жана накталай АКШ долларынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары агылып чыгышына терс таасирин минималдаштырууга багытталат.