1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 21-апрелинде «РСК Банкы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна «РСК Банкы» ачык акционердик коому тарабынан сунушталган Эрмеев Джыргалбек Советбековичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 21-апрелинде «РСК Банкы» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы кызмат ордуна «РСК Банкы» ачык акционердик коому тарабынан сунушталган Букуев Кадырбек Джумабековичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 21-апрелинде «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коому тарабынан сунушталган Алымбаев Артык Токтоназаровичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.