Улуттук банктын кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү жана кредиттик союздардын капиталынын шайкештигине жана ликвиддүүлүгүнө карата талаптарды төмөндөтүү аркылуу кредиттик союздар системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттик союздарды жөнгө салган айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) иштелип чыкты. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Токтом долбоору боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди 2022-жылдын 22-майынан кечиктирбестен chdjekshenbaeva@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүү зарыл.