Банк системасынын туруктуулугун колдоо жана тышкы экономикалык таасирлердин Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген алгылыксыз кесепеттерин азайтууга, анын ичинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун колдоого көмөктөшүү максатында, Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 20-апрелинде № 2022-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын активдерди классификациялоо боюнча кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.