Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди 14,0 пайыз  

деңгээлинде калтырды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 25-апрелинде эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 14,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2022-жылдын 26-апрелинен тартып күчүнө кирет.  

Пандемиядан кийинки мезгилде көпчүлүк өлкөлөрдө инфляция экономикалык жигердүүлүктү колдоо жана дүйнө жүзү боюнча товар ташуу-жеткирүү системасынын үзгүлтүккө учурашын жөнгө салуу чараларынын таасири астында өнүккөн. Орун алган геосаясий жагдайларынан улам дүйнөлүк азык-түлүк жана энергия продукциялары рыногунда баалардын өсүшүнүн уланышы инфляциялык басымды күчөтөт. Мындай шарттарда дүйнөлүк тенденция менен катар эле, Кыргыз Республикасында 2022-жылдын апрель айында1 керектөө баалары 14,3 пайызга өстү.  

Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 2022-жылдын январь-март айларында 4,5 пайызды (Кумтөр алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда 3,8 пайызды) түзгөн, бул көбүнчө, 2021-жылдын башындагы төмөндөөдөн кийин экономика тармактарынын көрсөткүчтөрү калыбына келиши менен шартталган. Мында кыйла жогорку көрсөткүчтөр өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба секторлорунда белгиленген.  

Глобалдуу сыяктуу эле, регионалдык экономикалык өнүгүү көз карашынан алганда, келечекте белгисиздик жагдайы кыйла күчөгөн, ал Кыргыз Республикасындагы мындан аркы экономикалык процесстерди, анын ичинде инфляциянын динамикасын алдын ала аныктайт. Азыркы учурда макроэкономикалык жана финансылык туруктуулукту колдоо негизги фактор болуп саналат.  

Улуттук банк тарабынан өз учурунда тиешелүү чаралар көрүлгөндүгүнө байланыштуу акча жана валюта рынокторундагы абал салыштырмалуу туруктуу сакталып турат. Мында бул сегменттерде, бүтүндөй финансы рыноктогудай эле белгилүү бир өзгөрүлмөлүүлүк сакталып калууда. Бул, эң оболу, өлкө экономикасынын ачыктыгы жана көлөмүнүн чакандыгы, соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз байланышта болгондугу менен шартталган.  

Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 14,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты Кыргыз Республикасында инфляциялык тобокелдиктерди ооздуктоого жана инфляциялык күтүүлөрдү төмөндөтүүгө багытталган. Негизги чендин бул деңгээли өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына ылайык келет жана экономикада орун алган тобокелдиктер боюнча Улуттук банктын саясатын чагылдырат.  

Улуттук банк түптөлгөн жагдайды туруктуу негизде көзөмөлдөп турат жана зарыл болгон учурда орто мөөнөткө каралган мезгилде баа туруктуулугун камсыздоо максатына жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт. 

Маалымат үчүн: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму планга ылайык 2022-жылдын 30-майында өтөт

 

___________________________ 

1 Апрель айынын 15ине карата.