2022-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында Финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын ишке киргизүү боюнча иш-чара болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, ассоциациялардын, коммерциялык банктардын жана финансы секторунун башка өкүлдөрү катышты.  

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов жолугушууну ачып жатып, Кыргыз Республикасында финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу адаттагы сыяктуу эле, санарип каналдар боюнча да бардык адамдар үчүн жеткиликтүү болгон, жогору сапаттагы, коопсуз, баасы жагынан жеткиликтүү жана финансылык кызмат керектөөлөрүнө жооп берген кеңири түрүн сунуштоону камсыз кылган чөйрөнү, инфраструктураны жана механизмдерди түзүү максатын көздөй тургандыгын белгиледи.  

М. Жакыпов финансылык жеткиликтүүлүктү арттыруу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу өлкөнүн экономикасына алгылыктуу таасирин тийгизе тургандыгын, экспортко багытталган жана атаандашууга жөндөмдүү экономиканын инклюзивдик өсүшүнө жана өнүгүшүнө өбөлгө түзө тургандыгын баса белгиледи. 

«Улуттук банк алдыга коюлган максатка жетүү үчүн иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракетин жумшоого даяр, ошондой эле бардык мамлекеттик органдарды жигердүү тартылуу менен Стратегияны ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө чакырат», деп кошумчалады М. Жакыпов. 

Иш-чаранын катышуучулары финансылык сектордун туруктуулугун жана бүтүндүгүн жогорулатууда, жалпы өркүндөп-өсүүнү камсыз кылууда финансылык жеткиликтүүлүктүн аткарган ролу маанилүү экендигин, ошондой эле финансылык жеткиликтүүлүктүн азыркы абалына жана келечегине тиешелүү маселелерди талкууга алышты. 

Мындан тышкары, катышуучулар ортосунда Финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын колдонууга киргизүү жана аны ишке ашыруу боюнча планды аткаруу үчүн андан аркы кадамдар боюнча ой-пикирлер айтылды.  

 

Маалымат үчүн:  

2022-2026-жылдары Финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) финансылык көмөк көрсөтүүсү алдында Эл аралык финансы корпорациясы (Дүйнөлүк банктын тобу) менен биргеликте, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында мамлекеттик жана жеке секторлордун өкүлдөрүн тартуу менен иштелип чыккан, ал күндөлүк жетишкендиктер менен проблемаларды, ошондой эле финансылык жеткиликтүүлүк жаатында максаттарды жана артыкчылыктарды камтыган стратегиялык документ. Стратегия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылдын 16-мартында бекитилген.