Улуттук банктын төрагасы Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын жыйынына катышты 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Бөкөнтаев Эл аралык валюта фондунда Кыргыз Республикасынын атынан башкаруучу катары 2022-жылдын 18-апрелинен тартып 24-апрель күндөрү Вашингтон шаарында (АКШ) болуп өткөн Эл аралык валюта фондунун (мындан ары - ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын жазгы жыйынына катышты. 

Жазгы жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы бир катар жолугушуу өткөрүп, анын ичинде ЭВФтин тескөөчү директору Кристалина Георгиева айым, тескөөчү директордун орун басары Бо Ли мырза, ошондой эле Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Т. Йордан мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде ЭВФ жана Швейцариянын Улуттук банкы ортосунда мындан ары кызматташуу жана өз ара иш алып баруу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.