Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 27-апрелинде № 2022-П-14/27-3-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Өзгөртүүлөр негизинен 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен аны так чечмелеп берүү, ошондой эле 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун 83-пунктун «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого ылайык келтирүү максатында киргизилген. 

Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары/Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган.