Тышкы экономикалык жагдайлардын банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр үчүн тийгизген таасирин жумшартуу жана коммерциялык банктар менен жана банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн айрым талаптарды белгилөө максатында, Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 27-апрелинде № 2022- П-12/27-4-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айыптык санкциялар боюнча кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Аталган токтом менен кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык төлөм, анын ичинде кошумчаланган айыптык төлөм (айыптык төлөм/туум) салууга жана алууга коммерциялык банктар менен банк эмес финансы-кредит уюмдарына убактылуу чектөөлөр киргизилет. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.