Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 2022-ЗСД-КОМ-КПС-4/2 токтому менен «М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - «М Булак» МКК» ЖЧК) жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомуна (мындан ары - «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК) атайын жөнгө салуу режиминин алкагында, 2020-жылдан 28-октябрынан тартып 2022-жылдын 30-апрелине чейинки мезгил аралыгында, жүргүзүлгөн тестирлөө банк операцияларынын төмөнкү чектелген тизмесин жүргүзүү боюнча ийгиликтүү деп табылды: 

- нак эмес кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган, чектелген функционалдык кредиттик карттарын чыгаруу; 

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карттарын «М Булак» МКК POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде POS-терминалдарды орнотуу/ QR-коддорду колдонуу боюнча соода-тейлөө ишканалары менен келишимдерди түзүү, товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөдө төлөм каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карттарын кабыл алуу, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу. 

Атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтү «М Булак» МКК» ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК үчүн 2022-жылдын 1-майынан 2022-жылдын 1-ноябрына чейин узартылды. 

Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучулары болуп, «М Булак» МКК» ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК эсептелет.