«Жаш кесипкөйлөр» (2022) программасынын жыйынтыгы чыгарылды 

 

Улуттук банк 2016-жылдан тартып «Жаш кесипкөйлөр» программасын ишке ашырып келе жатат. Аталган программа жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө жана жаш адистерге өлкөнүн борбордук банкынын ишмердүүлүгүнө катышуу аркылуу банк кесиби боюнча көндүмдөргө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатын көздөйт. 

Улуттук банктын демилгеси менен бешинчи жолу 2021-жылдын ноябрь айында старт алган «Жаш кесипкөйлөр» тажрыйбалык такшалуудан өтүү программасынын жыйынтыгы чыгарылды. 

Такшалуудан өтүү үчүн талапкерлер сынак менен кабыл алынды. Сынак үч баскычта өтүп, анын жыйынтыгында документ тапшырган 56 адамдын ичинен 21 талапкер Улуттук банкта тажрыйбалык такшалуудан өтүүгө кабыл алынды. 

Программанын алкагында такшалуудан өтө турган талапкерлер «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары» лекциясына катышып, иш кагаздарын жүргүзүү боюнча интенсивдүү курстан өтүштү. Алар үчүн Улуттук банктын жогорку квалификациялуу адистери тренер катары окуткан «Банк иши. Банк кызматкерлерин дуалдык кесиптик окутуу» темасында атайын окутуу каралган. Такшалуудан өтүүчү талапкерлердин теориялык билимдери коммерциялык банктарда практикадан өтүү менен бекемделген. 

Улуттук банк дайыма билим берүү иш-чараларын өткөрүп келет, ошондой эле келечекте ар кандай билим берүү долбоорлорун ишке ашырууну улантат.