Улуттук банкта жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн семинар болуп өттү 

 

2022-жылдын 14-майында Бишкек шаарында Улуттук банктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, Улуттук банк тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн семинар уюштурулду.  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары» семинарына радио менен телеберүү кызматынын, басма сөздүн, алдыңкы маалымат агенттиктеринин жана интернет-басылмаларынын журналисттери катышты. 

Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Раушан Сейткасымова семинардын катышуучулары менен саламдашып жатып: «Өлкөнүн борбордук банкы катары Улуттук банктын ролу менен функцияларынын маанилүүлүгүн түшүнүү бүгүнкү семинардын актуалдуулугун белгилейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары күн сайын коомчулукка Улуттук банктын жана финансы-кредит уюмдарынын иши жөнүндө маалымат берүү аркылуу жарандарыбыздын финансылык сабаттуулугун жана каражат топтоо маданиятынын деңгээлин жогорулатууга баа жеткис салым кошот», - деп белгиледи. 

Семинардын жүрүшүндө Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Улуттук банктын ролу жана функциялары, акча-кредит саясатынын максаттары, банк секторун жөнгө салуу чаралары, улуттук төлөм системасын өнүктүрүү багыттары, нак акча жүгүртүү, ошондой эле өлкөнүн башкы финансылык институтунун маалымат саясатынын аспектилери жана финансы чөйрөсүндөгү агартуу иштери тууралуу маалымат беришти.