Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууну аткаруунун алкагында, 2022-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында болуп өткөн кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, мамлекеттик банктардын жетекчиликтерине ж.б. Санарип сом концепциясынын долбоорун сунуштады.  

Жолугушууда Концепциянын долбоорунун негизги жоболору, Концепцияны ишке ашыруу маселелери жана ыкмалары, санарип сомдун артыкчылыктары жана долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү талкууланды.