Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 4-июлунан кечиктирбестен adjakubova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.