Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, «Санарип Системс» тɵлɵм уюму жана тɵлɵм системасынын оператору» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2022-жылдын 2-июнунда төмөнкү лицензиялар берилди: 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна № 2031020622 лицензия; 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна № 3033020622 лицензия. 

«Санарип Системс» тɵлɵм уюму жана тɵлɵм системасынын оператору» ЖЧК боюнча тиешелүү маалыматтар Улуттук банктын расмий сайтында «Банктын милдеттери» / «Төлөм системасы» / «Төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары» бөлүктөрүндө жайгаштырылган төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензияларынын реестрлерине киргизилген.