Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракеттери токтотулду. 

1. 2022-жылдын 9-июнунан тартып 23-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Жайыл Баатыр көчөсү 1, «Фрунзе» соода борбору дареги боюнча жайгашкан КЖК Ломбард «ОПЦИЯ плюс» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 5-июнундагы № 5982 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 115 («Дордой Плаза» соода комплекси, 1-кабат, В-10 б бутиги) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Топ Финанс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 12-январындагы № 6048 лицензиясы. 

2. 2022-жылдын 9-июнунан тартып 18-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Садырбаев көчөсү 107, «Фрунзе» соода борбору дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ДИМ ПРОФИ» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 2-октябрындагы № 6009 лицензиясы.