1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Мохаммад Афтаб Манзурдун талапкерлигине 2022-жылдын 10-июнунда макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коому тарабынан «БАКАЙ БАНК» ААКтын башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Коваленко Валентина Айдаралиевнанын талапкерлигине 2022-жылдын 10-июнунда макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «РСК Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «РСК Банкы» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Токторбаев Алмазбек Биязбековичтин талапкерлигине 2022-жылдын 10-июнунда макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «РСК Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «РСК Банкы» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү/аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Кыйшыбаев Талгар Сартымановичтин талапкерлигине 2022-жылдын 10-июнунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.