Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы байланыш каналдарын кеңейтти  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы калктын кайрылууларын ыкчам кароо максатында, байланыш каналдарынын тизмесин кеңейтти.  

Финансылык кызматтарды керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Улуттук банктын 0501 89 00 00 номеринде WhatsApp-каналы ачылды, ал аркылуу финансы-кредит уюмдарынын (коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана алмашуу бюролорунун) ишине тиешелүү бардык маселелер (даттануу, өтүнүч же пикир билдирүү) боюнча кайрылууга болот.  

Ошондой эле жарандар телефон аркылуу ыкчам маалымат/консультация алуу үчүн Улуттук банктын кабылдамасына 0 312 61 04 86 телефон номерине жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча 0555 85 57 48, 0770 73 73 49 мобилдик номерлерине кайрылууга боло тургандыгын эсиңиздерге салабыз.  

Мындан тышкары, Улуттук банктын жана финансы-кредит уюмдарынын, ошондой эле Улуттук банктан лицензия алган жана жөнгө салынган башка уюмдардын иши тууралуу коомчулукка маалымдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын социалдык тармактардагы: Facebook-Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Инстаграм-nbkr_kg расмий баракчалары жана Улуттук банктын Telegram каналы ачылган. 

 

Маалымат үчүн: 

WhatsApp байланыш каналы жарандардын кайрылуусун Whatsapp-каналы аркылуу гана кабыл алууга багытталган, анда жарандын аты-жөнү, кайрылуунун мазмуну, ошондой эле (зарыл учурда) керектөөчүнүн далилдерин тастыктоо үчүн тиркелген документтер көрсөтүлүүгө тийиш.  

Ошол эле учурда адепсиз билдирүүлөрдү камтыган, же болбосо, жол берилбеген адабий стилде жазылган кайрылуулар каралбайт. 

WhatsApp-каналынын номерине кайрылуулар жумуш күндөрүүйшөмбү - жума) саат 08.30дан 18.00гө чейин кабыл алынат. Дем алыш күндөрү түшкөн билдирүүлөр андан кийинки жумуш күнү каралат.