Банк эмес финансы-кредит уюмдарын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактарды көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруу тартибин белгилеген ченемдик укуктук актыларды унификациялоо максатында, «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары – токтом долбоору) иштелип чыкты.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Токтом долбоору боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди 2022-жылдын 18-июлунан кечиктирбестен amuratov@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүү зарыл.