2022-жылдын 17-июнунда «Эл аралык саясат жана стратегиялар» багыты боюнча улук вице-президент, улук кеңешчи Майкл Шетцел мырза жетектеген Нью-Йорк шаарынын Федералдык резервдик банкынын делегациясы Улуттук банкка иш сапары менен келди. 

Иш сапардын алкагында Улуттук банктын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу учурунда аймактык, дүйнөлүк экономикалык жана финансылык өнүгүү маселелери, борбордук банк алдында турган көйгөйлөр, ошондой эле Улуттук банк менен Нью-Йорк шаарынын Федералдык резервдик банкынын ортосундагы мамилелерди бекемдөө келечеги талкууланды.  

Иш сапардын жыйынтыгында жогоруда аталган багыттар боюнча кызматташууну андан ары өнүктүрүү чечими кабыл алынды.