2022-жылдын 20-21-июнь күндөрү Бишкек шаарында Дүйнөлүк банктын тобу тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасында проблемалуу кредиттерди жөнгө салуунун ченемдик жана укуктук аспектилери» темасында семинар болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, мамлекеттик органдардын, коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле төлөөгө жөндөмсүздүк боюнча иштер менен алектенип жүргөн юристтер катышты. 

Семинардын негизги максаты катары пруденциялдык көзөмөл жана жөнгө салуу жаатындагы мыкты тажрыйбаларды, ошондой эле проблемалуу кредиттерди жөнгө салуу жана жеке сектордун катышуусун жеңилдетүү үчүн жагымдуу чөйрөнү карап чыгуу каралды. 

Иш-чарада банк секторундагы проблемалуу кредиттер менен байланышкан жагдайды чечүүнү жеңилдетүү үчүн саясат менен тажрыйбага, проблемалуу кредиттерди жөнгө салууга таасир этүүчү укуктук жана техникалык аспектилерди изилдөөгө басым жасалды. 

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов семинардын катышуучулары менен саламдашып жатып, кредиттик тобокелдиктерди азайтуу, проблемалуу кредиттерди жөнгө салуунун жаңы ыкмаларын түзүү жана колдонуудагы ыкмаларды өркүндөтүү азыркы учурда банк секторунун алдында турган негизги милдеттер болуп саналарын белгиледи. «Экономиканын натыйжалуу жана ийгиликтүү иштешине түздөн-түз таасир этүүчү ишенимдүү жана туруктуу банк системасын камсыз кылуу бардык кызыкдар болгон тараптардын биргелешкен аракетинин натыйжасы болуп саналат»,- деп кошумчалады М. Жакыпов. 

Семинардын алкагында катышуучулар ортосунда проблемалуу кредиттер менен иштөөнүн дүйнөлүк тажрыйбасы талкууланып, мындай кредиттер менен иштөөдө жаралган кыйынчылыктарды басып өтүүнү ар тараптуу кароо жана туура чечим кабыл алуу жолдорун издөө жагында жемиштүү пикир алмашуу болду.