Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында "Улуттук банктын ченемдик актылары"/"Талкууга сунушталган долбоорлор" бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, ошондой эле кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2022-жылдын 28-июлунан кечиктирбестен электрондук почта дарегине ( Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.