Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоору ислам финансылык продуктуларды көбөйтүүгө багытталган. 

Токтом долбооору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 31-июлунан кечиктирбестен электрондук дарегине ( Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.