Кошумча лицензияны өз ыктыярдуу кайтарып берүү жөнүндө катышуучулардын 2022-жылдын 9-июнунда кабыл алган чечимине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кредиттик союздун катышуучусу менен макулдашылган шартта мөөнөтүндө төлөө, кайтарып берүү жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында өз атынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна берилген «Чет-Байсорун-М» кредиттик союзунун 2007-жылдын 28-февралындагы №87-001 кошумча лицензиясы 2022-жылдын 30-июнунан тартып жокко чыгарылды. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Ысык-Көл району, Ананьево айылы, Ленин көчөсү, 125-үй.