Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын жараны К.К.З. карата 17 500 сом суммасында айып пул салды.