2022-жылдын 4-августунда Бишкек шаарында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде “МЭЭР ЖАЗЫ” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү - финансы-кредит уюмдарынан алган кредиттери боюнча көйгөйлөр жаралган карыз алуучулар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча окутуу семинары болуп өттү. Семинар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулду. 

Бул иш-чаранын катышуучулары финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөнүн бюджетин финансылык пландаштыруу, кредит жана кредиттик уюмдар менен иштей билүү, керектөөчүлөрдүн укуктары менен милдеттенмелери сыяктуу суроолорго маалымат алып, өз билимдерин интерактивдүү жогорулатышты. 

Мындан тышкары, Улуттук банк калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун алкагында, 2022-жылдын 25-июлунан баштап 2022-жылдын 14-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда окутуу семинарларын өткөрүүдө

Семинарларды өткөрүү графиги менен Финсабат агартуу-маалымат берүү сайтынан http://www.finsabat.kg/ky/news/174  шилтемеси аркылуу таанышып алсаңыздар болот.