Улуттук банк Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин отурумун өткөрдү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 2-сентябрында Улуттук банктын төрагасынын орун басары З.Л. Чокоевдин төрагалыгы астында коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү менен Улуттук банкта Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин отурумун өткөрдү

Отурумда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-июлундагы № 250 «Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө» жарлыгын, анын ичинде соода жана тейлөө ишканаларын контролдук-кассалык машиналар функциясы бар POS-терминалдар менен камсыз кылуу, ошондой эле эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) милдеттүү пайдалануу маселелери талкууланды. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруунун, финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун алкагында 16 жашка чыккан жарандар арасында банктык төлөм карталарын жайылтуу маселелери талкууланды. 

Отурумдун жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.