Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтык билдирүүсү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 12-декабрынан тартып спорт жаатындагы маанилүү окуяларды жана жетишкендиктерди белгилөө үчүн, ошондой эле жаштарды олимпиадага катышууга үндөө, дене тарбия менен спортту даңазалоо максатында «Спорт» сериясындагы «Азия оюндары» күмүш коллекциялык монетасын, ошондой эле, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген, республиканын флорасынын сейрек кездешүүчү түрлөрүн сактап калуу жана даңазалоо максатында «Кыргызстандын Кызыл китеби» сериясындагы «Кашкар бөрү карагаты» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. 

«Азия оюндары» монетасынын алдыңкы бетинде Ханчжоу шаарындагы XIX Азия оюндарынын расмий эмблемасы түшүрүлгөн, анда кытай инь-янь символунун алкагында спорттун ар бир түрү боюнча Азия оюндарына катышуучу спортчулардын фигурасы пиктограмма түрүндө берилген. Монетанын четине тегерете: «Азия оюндары 2022 / 2022 Asian Games» аталышы, ошондой эле сапат белгиси (Ag 925), салмагы (31,10 g), монетанын номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. 

Монетанын арткы бетинде спортчулардын элеси, ал эми борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын четине тегерете: «Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жазуусу жайгаштырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2022) көрсөтүлгөн. 

 

 

 

 

«Азия оюндары» коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү 

Номиналы 

10 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Ag 925 

Өлчөмү (мм) 

38,61*38,61 

Салмагы (г) 

31,10 

Аткаруу сапаты 

«Proof» 

Нускасы (даана) 

1 000 

Сатуу баасы 

3 740 с 

 

 

«Кашкар бөрү карагаты» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин бадалдын мөмөсүнөн жана жалбырагынан тегерете кооздолгон оймонун ичинде бөрү карагаттын бутагы мөмөсү менен түшүрүлгөн сүрөт түзөт. Монетанын четине тегерете: «Кашкар бөрү карагаты / Berberis kaschgarica» аталышы, ошондой эле металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) жазылган. Монетанын төмөн жагында монетанын номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.  

Монетанын арткы бетинин негизги сюжетин Кашкар бөрү карагатынын бутагы менен мөмөсүнүн элеси түшүрүлгөн сүрөт түзөт. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын четине тегерете: «Кыргызстандын Кызыл китеби» деген жазуу жайгаштырылып, төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2022) көрсөтүлгөн.  

 

 

 

 

«Кашкар бөрү карагаты» коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү 

Номиналы 

10 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Ag 925 

Өлчөмү (мм) 

38,61*28,81 

Салмагы (г) 

28,28 

Аткаруу сапаты 

«Proof» 

Нускасы (даана) 

1 000 

Сатуу баасы 

3 690 с 

 

 

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. 

Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 

Коллекциялык монеталар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 9.00дөн 15.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.