Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын аймагында виртуалдык активдерди пайдалануу аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө мүмкүндүк берген кызматтардын ишке киргендиги тууралуу маалыматтын жарыялангандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет. 

Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында виртуалдык актив төлөм каражаты, валюта жана/же баалуу кагаз болуп саналбайт. 

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча чектөөлөрсүз кабыл алынууга милдеттүү болгон жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын аймагында виртуалдык активдерди товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары колдонууга, ошондой эле соода жана тейлөө ишканаларына товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын виртуалдык активдер менен көрсөтүүгө жол берилбей тургандыгын белгилейт.