Маалыматтык билдирүү 

 

2022-жылдын 15-декабрында Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмеси менен «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин, «Кепилдик фонду» ААКтын, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрүлдү.  

Көчмө жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. 

Жыйындын жүрүшүндө коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган карыз алуучуларга колдоо көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде жабыркагандардын кредиттерин эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо түрүндө жардам көрсөтүү чаралары тууралуу маалымат берилди. 

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, финансы-кредит уюмдары, «Кыргызстан банктар союзу» юридикалык жактар бирикмеси жана «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси тарабынан Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн жарандарга/чарба жүргүзүүчү субъекттерге кредит берүү жана кредит берүү маселелерин карап чыгуу процесстерин жөнөкөйлөтүү механизмдерин, ошондой эле жабыркаган карыз алуучулардын маселелерин андан ары чечүүгө багытталган биргелешкен резолюция кабыл алынды.