2022-жылдын 21-ноябрынан тартып 25-ноябрына чейин Душанбе шаарында (Тажикстан Республикасы) Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобунун 37-Пленардык отуруму гибрид форматында (түздөн-түз же аралыктан катышуу) өткөрүлдү, анда аталган топтун мүчө-мамлекеттеринин жана байкоочуларынын, ФАТФнын мүчө-мамлекеттеринин жана Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. 

Пленардык отурумда Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобунун өз ара баалоо боюнча 2-раундунун алкагында, техникалык талаптарга жооп берүү боюнча рейтингдерди кайра карап чыгуу менен Кыргыз Республикасынын прогресси жөнүндө 4-отчету сунушталып, өлкөдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү системасы өркүндөтүлгөндүгү белгиленип, ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнүн бири боюнча рейтингди жогорулатуу макулдашылган.  

Прогресс жөнүндө кезектеги отчет Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобунун 39-пленардык отурумунда кароого сунушталат.