Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын кардарларына көмөк көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери жөнүндө» токтомун аткаруунун алкагында, финансы-кредит уюмдары (мындан ары - ФКУ) банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүп жатышат.  

2022-жылдын 22-декабрына карата ФКУ 500 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 27 553 миң сом суммасында 344 кредит жоюлган, 56 071 миң сом суммасында 

224 кредит реструктуризацияланган.  

Азыркы тапта, ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан бардык арыздарды карап жатат, алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.