Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунун долбоорун (мындан ары токтом долбоору) талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору менен жаңыдан түзүлүп жаткан жана иштеп жаткан банктар үчүн уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) 1,0 жана 2,0 млрд сом (системалуу мааниге ээ банктар үчүн) өлчөмүндө түзүү боюнча талаптарды белгилөө сунушталат. 

Иштеп жаткан банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн 1 млрд сомго чейин көбөйтүү талаптарын төмөнкүдөй мөөнөттө ишке ашыруу сунушталат: 

- 2024-жылдын 1-июлуна чейин 800 млн сом; 

- 2026-жылдын 1-июлуна чейин 1 млрд сом; 

Ошону менен бирге, системалуу мааниге ээ банктар үчүн уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн 2023-жылдын 1-июлуна карата 2,0 млрд сомго чейин көбөйтүү талаптарын белгилөө сунушталат. Өз кезегинде, эгерде банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө маалымдалган күндөн тартып бир жыл ичинде банк уставдык капиталдын өлчөмүн белгиленген талапка чейин жеткирүүгө тийиш.  

Ошол эле учурда, мындай банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталы Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө банкка маалымдалган күндөн тартып 3 (үч) ай ичинде белгиленген өлчөмгө чейин жеткирилүүгө тийиш. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган, ошондой эле Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылган (koomtalkuu.gov.kg/ru). 

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023 жылдын 26-январынан кечиктирбестен zosokeeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.