Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору банктык маалымат системасын автоматташтыруу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомунун 3-пунктунун үчүнчү абзацынын күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 16-январынан кечиктирбестен smaitashova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.