Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаарынын аэропортун тейлөө боюнча аба транспортундагы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 27 жана 28-декабрында өткөрүлгөн биргелешкен рейддин алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын төрт жаранына (И.Ж.О., С.А.А., Дж. у Т. жана Ж.Д.А.) 17 500 сомдон айып пул салынды.