Депутаттык комиссия жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы 

Улуттук банктын алтын сактоочу жайында болушту 

 

 

2023-жылдын 30-январында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссиянын (мындан ары депутаттык комиссия) төрагасы Арсланбек Малиев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында болушту. 

Иш сапардын жүрүшүндө «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан алтын менен операциялар, тактап айтканда, алтындын запасын толуктоо, өлчөнгөн жана стандарттуу алтын куймаларын даярдоо операциялары, алтынды сактоонун эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү жөнүндө маалымат сунушталды.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев келген конокторго жөнгө салуучу тарабынан алтын менен жүргүзүлүп жаткан операциялар тууралуу маалымдады.  

Өз сөзүндө төрага, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Улуттук банк мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн баалуу металлдарды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар экендигин белгилеп, азыркы тапта Улуттук банк өлкөдө өндүрүлгөн алтынды үзгүлтүксүз сатып алып турарын билдирди. 

Улуттук банктын адистери депутаттык комиссияга Улуттук банктын карамагындагы алтын тууралуу презентация сунуштап, алтын кандай жол менен алынат, кантип сатылат жана кандай шарттарда сактала тургандыгы тууралуу кеңири маалымдап, берилген суроолоруна жооп беришти.  

Жумушчу иш сапардын жүрүшүндө убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев баштаган депутаттык комиссиянын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алтын сактоочу жайына барып, андагы абал менен жеринде таанышып кайтышты. 

 

Маалымат үчүн: 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтому менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.