Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 25-январында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-P-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операцияларын эсепке алуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 2023-П-12/4-3-(НПА) токтомун кабыл алды. 

Ислам каржылоо принциптери боюнча, анын ичинде «ислам терезеси» аркылуу иш алып барган коммерциялык банктар аталган токтомдун 3-пунктуна ылайык төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл: 

- 2024-жылдын 1-январына чейин автоматташтырылган маалыматтык банк системасын жана эсепке алуу саясатын Мурабаха операцияларын эсепке алуу тартибинин талаптарына ылайык келтирүү

- ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнө чейин Банктык көзөмөл башкармалыгына көрсөтүлгөн токтомдун талаптарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүү

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.