Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
1. 2023-жылдын 4-февралынан тартып 18-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, кв. 17 а дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Престиж мани А» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 25-февралындагы № 6071 лицензиясы
2. 2023-жылдын 4-февралынан тартып 8-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 176 а дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «АЯТ НУР» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 17-июнундагы № 5983 лицензиясы.