1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору, долбоорлордун каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү (стартаптар, инфраструктуралык долбоорлор ж.б. үчүн), ошондой эле долбоордук каржылоону сунуштоодо банктын кредиттик тобокелдигин натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 9-мартынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын мыйзамдын талаптарына ченем түзүү техникасына тиешелүү бөлүгү боюнча ылайык келтирүү иштеринин алкагында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 9-мартынан кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.