Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомунун жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1 (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.  

2023-жылдын 31-январына карата финансы-кредит уюмдарына (мындан ары - ФКУ) 514 карыз алуучу кайрылган, 31,6 млн сом суммасында 367 кредит жоюлган, 65,3 млн сом суммасында 225 кредит реструктуризацияланган. 

2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган токтомду ишке ашыруу максатында, ФКУ Баткен областындагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн: 

- 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 31-январы аралыгында ФКУ тарабынан 1 918, 6 млн сомго 18 955 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген; 

- «Кепилдик фонду» ААК 170,5 млн сом суммасына 158 кредит боюнча 80,3 млн сом суммасына 155 кепилдик берген; 

- айрым ФКУлар кредиттөө процесстерин жөнөкөйлөтүү максатында, ички ченемдик документтерине айрым документтерди талап кылууну жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизди; 

- айрым ФКУлар кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүп, жеңилдетилген пайыз менен «Баткен областындагы карыз алуучулар үчүн кредит берүү» акциясын жүргүзүп жатышат;  

- айрым ФКУлар онлайн кредиттөө боюнча иштерди активдүү жүргүзүп, токтом талаптарына ылайык башка чараларды да көрүп жатышат; 

Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.