2023-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Германиянын Sparkassenstiftung фондунун Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн колдоосу менен «Соода жана экспорттук каржылоо» темасында семинар болуп өттү

Семинар Landesbank Baden-Wuerttemberg (LBBW Германиянын Баден Вюртемберг жергесиндеги федералдык банкы) өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлдү

Семинарга эл аралык финансы институттары менен соода жана долбоордук каржылоо боюнча иштөө тажрыйбасы бар коммерциялык банктардын кызматкерлери катышты. 

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга сооданы каржылоо жаатындагы LBBW тажрыйбасы, кыска мөөнөттүү каржылоо продукттары (аккредитивдер, кепилдиктер) боюнча маселелер, тышкы соода операцияларын ишке ашырууда баа берүү жана эл аралык соодада тобокелдиктерди классификациялоо жөнүндө маалымат берилди.