Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик баалуу кагаздар маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору банктардын туруктуулугун колдоо жана банк системасындагы системалуу тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында иштелип чыккан. Токтом долбоорунда аффилирленген жана банкка байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөөдөн мамлекеттик баалуу кагаздарды алып салуу жана мамлекеттик баалуу кагаздарга банктын инвестицияларынын жалпы өлчөмү боюнча чектөөлөрдү белгилөө сунушталат. 

Токтомдун долбоорунда банктар тарабынан тышкы аудитти жана демилгеленген аудитти жүргүзүү талаптары боюнча тактоочу мүнөздөгү ченемдер, ошондой эле банктык кызматтардын тарифтери боюнча компоненттерди ачып берүү талаптары каралган. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 15-мартынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.