2023-жылдын 14-февралында Улуттук банкта «Глобалдуу акча жумалыгы-2022» (Global Money Week) ири масштабдуу маалымат берүү-агартуу кампаниясын Кыргызстанда өткөрүү боюнча өнөктөш уюмдарынын жолугушуусу болуп өттү. Бул кампаниянын алкагында дүйнөнүн 100 ашык  өлкөлөрүндө финансылык сабаттуулук боюнча иш-чараларды өткөрүлөт.  

Глобалдуу акча жумалыгын өткөрүүнүн максаты - бардык балдар менен жаш муунга жогорку сапаттагы финансылык билимдин жеткиликтүү болушун, акчаны сарамжалдуу колдонуу маданиятын калыптандырууну, келечекте финансылык туруктуулук менен бакубат турмушун жакшыртууга мүмкүндүк берген туура финансылык чечим кабыл алуу үчүн акчанын мааниси тууралуу билимге ээ болууну камсыз кылуу.  

Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган: ачык эшик күндөрү, лекциялар, интерактивдүү оюндар, финансылык мекемелерге экскурсия жана сынактар. Быйыл иш-чаралардын бир бөлүгү юбилейлик датага Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата өткөрүлөт. Иш-чаралардын толук тизмеси Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана финансылык сабаттуулук боюнча www.finsabat.kg сайтына жайгаштырылат.  

Маалымат үчүн: Глобалдуу акча жумалыгы-2023 Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, эл аралык уюмдар жана өлкөнүн финансы-кредит уюмдары менен биргеликте өткөрүлөт.