Улуттук банк акыркы мезгилде «инвестиция» түрүндө калктын акча каражаттарын тарткан жактардын ишинин активдешип жаткандыгы байкалгандыгын маалымдайт. Көбүнчө пайдалуу шарттарга басым жасоо менен масштабдуу жарыя кылган акциялар өткөрүлөт, атап айтканда, коммерциялык банктардагы депозиттер боюнча чендерден ашкан «инвестициялар» боюнча пайыздык сый акылар, ошондой эле кайтарып берүү кепилдиги сунушталат жана тобокелдиктердин жоктугу айтылат. 

Белгилей кетүүчү нерсе, инвестиция кыйла жогорку тобокелдиктүү операция болуп саналат жана ал ар бир кадамды кылдат талдоону талап кылат. Инвестициялык компанияга өз каражатыңызды салардан мурун ошол жактын жүргүзгөн ишинин табиятын, лицензиялык-уруксат берүүчү документтердин, финансылык отчеттордун жана башка мүмкүн болгон юридикалык документтердин болушун изилдөө зарыл. 

Инвестициялар кирешелүү долбоорлордо гана киреше алып келе тургандыгына (эгерде долбоор чыгашалуу болсо, анда инвестициялар толугу менен жоголуп кетиши мүмкүн), ал эми аманаттар боюнча салымдар жана пайыздар кирешелүү болуусуна карабастан макулдашылган мөөнөттө кайтарылышы зарыл экендигине жарандардын көңүлүн бурабыз. 

Ошону менен бирге көпчүлүк учурларда инвестициялык компаниянын атын жамынган «финансылык пирамида» белгилерине ээ жактар иштешүүдө, мында өз кезегинде алдоо жана салынган каражаттарды жоготуу тобокелдиктери бар. 

Мыйзам талаптарына ылайык аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясын алган финансы-кредит уюмдарына гана таандык экендигин эскертип кетүү зарыл. Лицензиялануучу жактардын иши аманаттардын сакталышын жана аманатчылар алдында милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тыкыр көзөмөлүндө тургандыгын белгилей кетүү керек. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ болгон финансы-кредит уюмдарына салынган аманаттар «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык корголгон. 

Кайсы болбосун башка юридикалык жактар жана жеке адамдар кандай гана формада болбосун, туруктуу негизде, анын ичинде мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана акы төлөө шарттарында коомдук тартуу жолу менен акча каражаттарын тартууга укуксуз. 

Бул тыюу салууну бузгандыгы үчүн жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

Ушуга байланыштуу лицензиялык-уруксат берүү документтеринин болушунда гана калктын акча каражаттарын тартууга болот. Эгерде лицензиялык-уруксат берүү документтери жок адамдарга акча каражаттарын, «инвестициялоо» деген ат менен салган/берген учурда, жарандар акча каражаттарынын кайтарылбай калышы жана жоготуу тобокелдигине дуушар болушат. 

Ушул сыяктуу компаниялар өз ишин ушундай эле жол менен жүргүзгөн жана аларга карата кылмыш иши козголгон учурлар бар экендигин белгилей кетүү керек. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жарандарды акча каражаттарын «инвестицияларга» салуу процессине кылдат мамиле кылууга жана этият болууга чакырат. Инвестициялоодон мурун, мүмкүн болгон бардык финансылык жана юридикалык документтерди изилдеп, инвестициялык келишимди тиешелүү кагаз түрүндө тариздөөнү талап кылуу керек. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан жана тиешелүү күбөлүктөрү/лицензиялары бар банктардын/банк эмес уюмдардын реестри Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жайгаштырылгандыгын маалымат иретинде билдиребиз («БАНКТЫН МИЛДЕТТЕРИ» бөлүмү).