1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Россия-Кыргызстандык «АМАНБАНК» ачык акционердик коому тарабынан Россия – Кыргызстандык «АМАНБАНК» ААКтын ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган Бодошева Жамал Саматбековнанын 2023-жылдын 2-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды;
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Капитал Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Капитал Банк» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна дайындалган Женишбекова Канышай Женишбековнанын 2023-жылдын 2-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды;
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары/ банктык операцияларын эсептөө жана башкаруу бөлүмүнүн начальниги кызмат ордуна дайындалган Турдукулова Чолпон Эшалыевнанын 2023-жылдын 2-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды.