Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду: 

2024-жылдын 22-ноябрынан тартып 26-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

-Бишкек ш., Абдрахманов көч., 119-үй, 17 а квартира дареги боюнча жайгашкан «Престиж мани А» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 5-мартындагы № 6731 лицензиясы; 

2024-жылдын 22-ноябрынан тартып 6-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

-Бишкек ш., Москва көч., 69-үй, 16-квартира, 1-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Аманат Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 18-мартындагы № 6744 лицензиясы; 

-Бишкек ш., Бөкөнбаев көч., 98-үй, №3 жер төлө бөлмөсү дареги боюнча жайгашкан «БНБ Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 6787 лицензиясы.