Тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
2024-жылдын 23-ноябрынан тартып 29-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Жалал-Абад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 3 (болжол: «Бек-Абад-Автожол» контролдоо-өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан «Соронбек Валюта» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023жылдын 5декабрындагы №6652 лицензиясы;
2024-жылдын 23-ноябрынан тартып 7-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Жалал-Абад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 3 (болжол: «Бек-Абад-Автожол» контролдоо-өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан «Салахидин Валюта» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023жылдын 16ноябрындагы № 6633 лицензиясы;
- Жалал-Абад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 1 (№ 10 имарат) (болжол: «Бек-Абад-Автожол» контролдоо-өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан «ЭКВАЛИТ» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2024жылдын 9февралындагы № 6709 лицензиясы.