Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калды 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 25-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2024-жылдын 26-ноябрынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасында инфляция Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн акча-кредит саясатынан улам туруктуу сакталууда. Жылдык инфляция көрсөткүчү 2024-жылдын ноябрь айында жыл башындагы 7,3 пайыздан төмөндөп 5,2 пайызды түзгөн. Инфляция түзүмү олуттуу өзгөрүүгө учураган жок азык-түлүк жана азык-түлүктөн башка товарларга баалардын өсүш арымынын басаңдашы уланып, орточо чекте кармалып турат. Жогорулатылган ички суроо-талап жана тариф саясатынын кабыл алынган чараларынын таасири өлкөдө баалардын жалпы деңгээлине таасир берген негизги факторлордон болуп сакталып турат.  

Кыргыз Республикасында курулуш сектору жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү тез өнүгүшүнүн эсебинен жогорку экономикалык жигердүүлүк сакталган. Реалдуу ИДӨ өсүшү 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 9,6 пайызды түзгөн. Өлкө экономикасында калктын кирешеси көбөйүүсүнүн натыйжасында ички керектөөнүн өсүшү байкалган, ага реалдуу эмгек акылардын жогорулашы менен өлкөгө жеке адамдардан акча которууларынын агымынын алгылыктуу динамикасы таасирин тийгизип жатат. Ошондой эле, негизинен ички каржылоо булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмүн өстүрүү катталган. 

Ички валюта рыногунда жагдай туруктуу абалда сакталып турат. Алмашуу курсунун учурдагы динамикасы сезондук факторлорго жана рыноктун катышуучуларынын ортосундагы чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун балансынын рыноктук калыптанышына байланыштуу шартталган. Улуттук банк валюталык интервенцияларды алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн гана жүргүзөт. 2024-жылдын башынан бери Улуттук банк тарабынан чет өлкө валютасын таза сатуунун көлөмү 113,0 млн АКШ долларын түздү.  

Улуттук банк тарабынан кабыл алынган акча-кредит саясатынын тактикалык чаралары үстүбүздөгү жылдын октябрь-ноябрь айларында мурдагы мезгилдерге салыштырганда банк системасындагы үстөк ликвиддүүлүктүн деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берди. Ошол эле учурда банк сектору улуттук валютадагы ресурстардын жетиштүү ири көлөмүнө ээ, бул экономиканы кредиттөөнүн андан ары өсүшүнүн факторлорунун бири болуп саналат. Банктар аралык акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин төмөнкү чегинин тегерегинде өзгөрүүсү уланууда. 

Жалпысынан банк секторун өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрү туруктуу: 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча банктардын кредит портфелинин көлөмү 22,0 пайызга көбөйүп, депозиттик база 31,7 пайызга2 өскөн. Мында экономиканын долларлашуу көрсөткүчтөрү акырындап төмөндөөдө: 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча депозиттерди долларлаштыруу 43,9 пайызды (жыл башынан тартып -1,8 п.п.), кредиттерди долларлаштыруу 19,9 пайызды (жыл башынан тартып -2,1 п.п.) түздү

Тышкы экономикалык чөйрөдө геосаясий факторлору күчөгөндүгүнө байланыштуу белгисиздик жагдай жогорку деңгээлде сакталып тургандыгы менен мүнөздөлөт. Дүйнөлүк соода фрагментациясынын натыйжасында дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда баа конъюнктурасы өзгөрүлмөлүү бойдон калууда. Дүйнөлүк инфляциянын төмөндөө тенденциясы ушул жылдын ортосунда белгиленсе дагы, Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык басым жогору болушунан региондогу экономикалык жагдай бир калыпта эмес.  

Тышкы экономикалык (глобалдык сыяктуу эле, регионалдык дагы) өнүгүү Кыргыз Республикасында экономикалык процесстерди, анын ичинде инфляция динамикасын андан ары алдын ала аныктоочу фактор катары белгиленет. Тышкы жана ички экономикалык факторлордун тенденцияларына жүргүзүлгөн анализ жылдык инфляциянын орто мөөнөттүү мезгилде максаттуу көрсөткүч 5-7 пайыз чегинде түптөлүшүн көрсөтүүдө.  

Акча-кредит саясатынын негизги ченин 9,00 пайыз деңгээлинде сактоо жөнүндө чечим өлкөнүн учурдагы макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана орун алып турган тышкы тобокелдиктер боюнча Улуттук банктын саясатын чагылдырат. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.  

Улуттук банк түптөлгөн тышкы жана ички экономикалык шарттарды баалоону улантат жана акча-кредит саясатын жүргүзүүдө теӊ салмактуу ыкмага таянат. Баа туруктуулугуна таасир берген кайсы бир тобокелдиктер жаралган учурда Улуттук банк жүргүзүлгөн монетардык саясатка түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландуу отуруму 2025-жылдын 27-январында өтөт.