Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮСҮ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгын жайылтуу, маданий мурасын сактоо жана улам кийинки муунга таанытуу максатында 2024-жылдын 2-декабрынан тартып «Айкөл Манас» алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.
Кыргыз элинин рухий мурасынын маанилүү символдорунун бири катары дүйнөлүк элдик оозеки чыгармачылык казынасында өзгөчө орунду ээлеген «Манас» эпосу саналат. Эпосто туулуп-өскөн жеринин эгемендүүлүгү, элинин эркиндиги жана саясий биримдиги үчүн бүтүндөй кыргыз урууларынын башын бириктирип, чексиз эрдик көрсөткөн улуу баатыр Манастын өмүр жолу жана жортуулдары баяндалат.
«Айкөл Манас» монетасынын алдыңкы бетинде ак мөңгүлүү Ала-Тоонун алкагында соот кийип, Аккула атын чаап бараткан Манас баатырдын образы чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө: «Айкөл Манас / Aikol Manas» жазуусу, ал эми оң жагында металлдын сапаты (Au 999) жана монетанын салмагы (15,55 г) түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында анын номиналы (200) жана сомдун графикалык белгиси (С) көрсөтүлгөн.
Монетанын арткы бетинде кыргыз жоокерлерин символдоштурган улуттук орнаменттердин алкагында Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл - «2024» жазуусу түшүрүлгөн.
«Айкөл Манас» монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Монетанын өзгөчөлүктөрү
Аталышы |
Айкөл Манас |
Номиналы |
200 сом |
Металлы (сапат белгиси) |
Au 999 |
Диаметри (мм) |
25,00 |
Салмагы (г) |
15,55 |
Сапаты |
Proof |
Нускасы (даана) |
1000 |
Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 123 400 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.