1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду:
2024-жылдын 30-ноябрынан тартып 14-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек ш., Абдрахманов көч., 150/10-үй дареги боюнча жайгашкан «Кут плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 21-майындагы № 6823 лицензиясы;
2024-жылдын 30-ноябрынан тартып 9-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек ш., Абдрахманов көч., 105-үй, № 1 а бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Абдель» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 7-декабрындагы № 6657 лицензиясы.